Редакцияот 03.03.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АКНАЗАРОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

 

2016-жылдын 3-марты № 2

Жер салыгынын базалык ставкалары жөнүндө

Бакай-Ата райондук админстрациясынын 2016-жылдын 9-февралындагы № 04- 17/103 сандуу катынын жана Акназаров айылдык кенешинин 30-чакырылыштагы депутаттардын 2016- жылдын 3-мартындагы кезектеги № 26– сессиясындагы протоколдун негизинде,

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Акназаров айылдык округунун 2016-жылга карата жер салыгынын ставкалары мурунку өлчөмдө өзгөрүүсүз калтырылсын.

2. Токтомду көзөмөлгө алуу жагы айыл өкмөт башчысы М. Жакышевге жүктөлсүн.

3. Бул токтом жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

Төрага

К. Жорготаев