Редакцияот 04.03.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ДАРА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

 

2017-жылдын 4-марты № 11

 Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2016-жыл үчүн айыл чарба өндүрүшү боюнча индикативдик планынын аткарылышы жана 2017-жылга карата индикативдик планын бекитүү жөнүндө

Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2016-жыл үчүн айыл чарба өндүрүшү боюнча индикативдик планынын аткарылышы жана 2017-жылга карата индикативдик планын бекитүү боюнча даярдалган маалыматты угуп жана талкуулап, Дара айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VI- чакырылышынын кезектеги IV- сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2016-жыл үчүн айыл чарба өндүрүшү боюнча индикативдик планынын аткарылгандыгы белгиленсин.

2. Дара айыл өкмөтүнүн 2017-жылга карата индикативдик планы бекитилсин.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин төрагасынын орун басары А.Сатаровго жана айыл өкмөтүнүн экономист-статист башкы адис К.Курбанбаевге милдеттендирилсин.

 

Төрага

М. Султанов