Редакцияот 04.03.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ДАРА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

 

2017-жылдын 4-марты № 18

Чек айылына таза-суу түтүкчөсүн тартууга макулдук берүү жөнүндө

Дара айыл аймагынын Чек айылынын жашоочуланынын таза-суу муктаждыгын чечүү максатындада сунушталган маселелерди карап чыгып, Дара айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VI –чакырылышынын кезектеги IV-сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Баткен шаарынын чегарасынан Р-4 каналына чейинки жана Баткен Ак-турпак трассасынан Р-6 каналына чейинки аралыктан 8019,5 метр жерге Чек айылына таза-суу түтүкчөсүн тартууга макулдук берилсин.

2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин Жер, муниципалдык чарба жана көрктөндүрүү иштери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрага

М. Султанов