Загрузка документа…
Дара айылдык кеңешинин 2019-жылдын 30-октябрындагы № 57 токтомуна ылайык жокко чыгарылды
ДАРА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 4-марты № 22
“Руз-гео-мет” ЖЧКна алтын чайкоо үчүн дарыянын жээгинен жер бөлүп берүү жөнүндө
Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Бордун талаасы участкасынан Тунук-Суу айылына чейинки Көк дарыянын оң жана сол жак жээктеринен “Руз-гео-мет” ЖЧКна алтын чайкоо үчүн жер аянтын бөлүп берүү боюнча билдирүүсүн угуп жана талкуулап Дара айыл аймагынын айылдык кеңешинин VI -чакырылышынын кезектеги IV-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Бордун талаасы участкасынан Тунук-Суу айылына чейинки Көк дарыянын оң жана сол жак жээктеринен “Руз-гео-мет” ЖЧКна алтын чайкоо үчүн узундугу 4 км аралыктагы дарыянын жээгин убактылуу бөлүп берүүгө уруксат берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн жер адисинин милдетин аткаруучу С.Дыйкановго милдеттендирилсин.
Төрага | М.Султанов |