Загрузка документа…
АК-МУЗ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Муз айылдык Кеңешинин VI чакырылыштын 4-сессиясы
2017-жылдын 24-марты № 4/2
Ак-Муз айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2016-жылдагы жергиликтүү бюджетин аткарылышы, 2017-жылга жергиликтүү бюджетин киреше-чыгаша бөлүгүн бекитүү жөнүндө
Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун финансы-экономиканын негиздери жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык Ак-Муз айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Муз айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2016-жылга карата киреше-чыгаша бөлүгүнүн аткарылышы канаттандыраарлык деп табылсын;
2. Ак-Муз айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2017-жылга жергиликтүү бюджетинин киреше-чыгаша бөлүгү төмөндөгүдөй бекитилсин:
КИРЕШЕ БӨЛҮГҮ:
1. Жергиликтүү бюджетке түшүүчү салыктар жана салык эмес жыйымдар-2 089 800 сом;
2. Теңдештирилген грант – 7 749 200 сом.
Баардыгы: 9 839 000 (тогуз миллион сегиз жүз отуз тогуз миң ) сом
ЧЫГАША БӨЛҮГҮ:
1. Башкаруу аппаратына – 5 841,2 сом; Р-701 11
2. Маданият тармагына – 871,0 сом; Р-708 23
3. Китепкана 244,2 сом; Р-708 21
4. Мектеп - 1 550,4 сом; Р-709 21
5. Бала бакчага – 722.2 сом; Р-709 11
6. Экономикалык маселелер (жайыт комитети)-610.0 сом; Р- 704
7. Баардыгы: 9 839 000 (тогуз миллион сегиз жүз отуз тогуз миң) сом
3. Кыргыз Республикасынын бюджети жөнүндөгү мыйзамына ылайык айыл өкмөтүнө тиешелүү өлчөмдө акча каражаты түшүп, тиешелүү статияларга Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 10.01.2007-жылдагы № 09-229 буйругунун негизинде берилсин;
4. Айыл өкмөтүнүн кызматкерлеринин типтүү штаттык бирдигине ылайык кызматкерлердин айлык акысы 14 айлык ченемде, чыгашаларды атайын түзүлгөн смета расходко ылайык жүргүзүүнү көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысынын убактылуу милдеттин аткаруучу А.Алымбаевага тапшырылсын;
5. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, www. ak-muz. kg веб- сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
6. Каражаттын өз убагында көрсөтүлгөн багытка котору боюнча кыймылдарды жүргүзүп берүү жагы Ат-Башы райондук казына бөлүмүнөн суралсын.
Төрага | А. Абдырахманов |