Загрузка документа…
АЧА-КАЙЫҢДЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 28-февралы № 1
Ача-Кайынды айыл өкмөтүнүн 2016-жылдагы кошумча киреше бөлүгүнөн 2017-жылга ашкан акча каражатына кошумча план бекитүү жөнүндө айыл өкмөттүн башкы бухгалтери Н.Барктабасованын билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ача-Кайыңды айыл аймагынын айылдык Кеңешинин Депутаттарынын VII чакырылышынын кезектүү IIIсессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ.
1. Ача-Кайынды айыл өкмөтүнүн 2016-жылдагы кошумча киреше бөлүгүнөн 2017-жылга ашкан 1069,7(бир миллион алтымыш тогуз мин жети жүз)сом акча каражатына кошумча план бекитилсин.
2. Аксакалдар сотунун эмгек акысына; айына 1,5сом х 12ай 18,0миң сом.
Социалдык чегерүүлөргө 3,1 миң сом.
3. Айылдык Кенештин төрагасынын эмгек акысына: бир сессияга 1,028сом х 8 8,2миң сом.
Социалдык чегерүүлөргө 1,4 миң сом.
4. Калган 1039,0(бир миллион отуз тогуз мин)сом төмөндөгүлөргө жумшалсын.
а) “Мал чарбасын жана рынокту өнүктүрүү” долбооруна экскватор атайын.техника
(МТЗ-92)тракторун алууга өздүк салым 700,0(жети жүз мин)сом бөлүнүп берилсин жана конкурстун жеңүүчүсүнө түз которулсун, алынып келинген атайын техника айыл өкмөттүн балансасына алынсын.
б) Мектептин ремонтунун өздүк салымы 161,0(бир жүз алтымыш бир миң)сом.
в). И.Мамбетказиев көчөсүнө түнкү чырак коюу 68,0(алтымыш сегиз миң)сом.
г). Көчөлөргө труба алуу 100,0(бир жүз миң)сом.
д). “Беккари” чункуруна баруучу жолго 10,0(он миң)сом.
Баары: 1069,7 (бир миллион алтымыш тогуз мин жети жүз) сом.
5. Ата-энелер төлөөчү взностон 2017-жылга ашкан 1,0(бир миң)сом бала бакчанын азык-түлүк алуусуна жумшалсын.
6. Бул акча каражаттар бекитилген сметага ылайык КР “Бюджеттик кодекси” Мыйзамынын негизинде чыгымдоо жагы Ача-Кайынды айыл өкмөтүнүн финансы бөлүмүнүн башчысы Н.Барктабасовага милдеттендирилсин.
Төрага | А. Мурзалиев |