Загрузка документа…
АЧА-КАЙЫҢДЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 22-марты № 2
Кыргыз Республикасынын «Жайыттар жѳнγндѳ» мыйзамынын 4-беренесине ылайык Нарын облусунун Ат-Башы районунун Ача-Кайынды айылдык кенеши жайыт жерлерин натыйжалуу жана сарамжалдуу башкаруу укугун пайдаланууну камсыз кылуу максатында
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ача-Кайынды айыл аймагынын Жайыт пайдалануучулар бирикмесине жайыт жерлерин башкаруу жана пайдалануу боюнча жергиликтγγ ѳз алдынча башкаруу органынын ыйгарым укуктары ѳткѳрγлγп берилсин.
2. Жайыт пайдалануучулар бирикмесине жана анын аткаруу органы Жайыт комитетине жайыт жерлерин башкаруу жана пайдаланууну жергиликтγγ кенеш тарабынан расмий бекитилген. Жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча жамааттын кѳп жылдык жана бир жылдык пландарынын негизинде гана жγргγзγγсγ милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун экинчи бѳлγгγндѳ кѳрсѳтγлгѳн пландар ѳз убагында аткарылбаса же аларды иш жγзγнѳ ашырууда одоно кемчиликтерге жол берилсе , анын ичинен Жайыт комитетинин карамагындагы акча каражаттары максатсыз же натыйжасыз пайдаланылса ѳткѳрγлγп берилген ыйгарым укуктары кайта жергиликтγγ ѳз алдынча башкаруу органына кайтарылып алынары, Жайыт пайдалануучулар бирикмесине жана анын аткаруу органы Жайыт комитетине эскертилсин .
4. Жайыт комитетинин башчысы Жайыт комитетинин баардык мγчѳсγнѳ жайыт пайдалануучуларга , жергиликтγγ ѳз алдынча башкаруу органдарына , жайыттарды башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органына жана анын жергиликтγγ расмий ѳкγлчγлγктѳрγнѳ, Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин Уставына жана бекитилген пландарга ылайык ѳз убагында толугу менен тийиштγγ отчетторду, маалыматтарды берип туруусуна милдеттγγ.
5. Жайыт комитетине жергиликтγγ ѳз алдынча башкаруу органдары тарабынан жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча пландарды ѳз убагында жана бекитилген тартипте даярдоодо, макулдашууда, бекитγγдѳ жана аткарууда ар тараптуу жардамдар такай кѳрсѳтγлγп туруусу белгиленсин.
6. Жайыт жерлерин башкаруу жана пайдалануу боюнча аткарыла турган баардык иш чаралар Кыргыз Республикасынын «Жайыт жѳнγндѳ» Мыйзамынын негизинде жγргγзγлγγсγ каралсын.
7. Бул токтомдун аткарылышын жетекчилике алуу жагы Ача-Кайынды айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Жунусовго тапшырылсын.
Төрага | А. Мурзалиев |