Загрузка документа…
КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Суу айылдык Кеңешинин 17- чакырылышынын кезектүү 1-сессиясы
2017-жылдын 10-январы № 1
Кара-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин төрагасын шайлоо жөнүндө
Кара-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаты Билал Мусалиевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап 1-кезектүү сессия
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин төрагалыгына жабык добуш берүү жүргүзүлүп, жыйынтыгында депутаттардын эң көп добушуна ээ болгон Кубанычбек Иманкулов Үсөнбаевич Кара-Суу айыл аймагынын айыл Кеңешинин төрагалыгына шайлансын.
2. Эмгек акысы эмгек китепчесинин негизинде өтүлгөн сессияга карата төлөнүп берилсин. Аткарууну камсыз кылуу жагы ФЭБ башчысы М.Дөөлөтбаевага милдеттендирилсин.
3. Айылдык Кеңешинин төрагасынын орун басарлыгына ачык добуштун негизинде Барыктабасов Кайратбек Алымбекович дайындалсын.
4. Токтомду Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы К.Молдажиевага тапшырылсын.
Кара-Суу айылдык Кеңешинин депутаты |
Б. Мусалиев |