КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Суу айылдык Кеңешинин 17- чакырылышынын кезектүү 2-сессиясы
2017-жылдын 26-январы № 1
Кара-Суу айыл аймагынын айыл өкмөт башчысын шайлоо жөнүндө
Кара-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин төрагасынын орун басары К.Барыктабасовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, 2-кезектүү сессия
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Депутаттардын мыйзамда белгиленген көпчүлүк добушуна ээ болгон Кабаев Шекербек Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы белгиленсин.
2. Айыл өкмөт башчысын шайлоо Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын «Айыл өкмөт башчысын шайлоонун тартиби жөнүндө» жобосуна ылайык өттү деп таанылсын.
Төраганын орун басары | К. Барыктабасов |