КЫЗЫЛ-ТОО АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Тоо айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз 1-уюштуруу сессиясы
2017-жылдын 3-январы № 1
Кызыл-Тоо айыл кеңешинин төрагасын шайлоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө Мыйзамынын 28-беренесинин 3-пунктуна жана 29-беренесинин 2-пунктуна ылайык Кызыл-Тоо айыл кеңеши төмөндөгүдөй токтом кылат
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Кызыл-Тоо айыл кеңешинин төрагасын шайлоо боюнча түзүлгөн эсептөө комиссиясынын кеңешмесинин 2016-жылдын 3-январындагы № 2-токтомуна ылайык депутат Кадырбеков Кубанычбек Канболотович Кызыл-Тоо айыл кеңешинин төрагасы болуп шайлансын.
Төрага | К. Кадырбеков |