Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ТОО АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Тоо айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги 2- сессиясы
2017-жылдын 14-январы № 4
Кызыл-Тоо айылдык Кеңешинин туруктуу комиссиялары жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Мыйзамынын 32-беренесине ылайык Кызыл-Тоо айылдык Кеңешинин алтынчы чакырылышынын экинчи сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Тоо айылдык Кеңешинин туруктуу комиссияларынын структурасы, сандык жана сапаттык курамы бекитилсин:
· Финансы, экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн багыттарын аныктоо жана инвестиция тармактары боюнча туруктуу комиссия; (төрага: Абдыкадыров Суйунтбек, мүчөлөрү: Бекмаматов Алберт, Сатимкулов Нурислан, Ибраимов Адылбек,Акканов Кудайберди)
· Билим берүү, маданият, жаштар уюму, спорт, саламаттыкты сактоо жана депутаттык этика,, дин иштери тармактары боюнча туруктуу комиссия; (Төрагасы Ашимов Эрмекбай, Макеримов Сабырбек,Мамытов Калысбек, Бакиров Кубанычбек, Сатыбалдыев Улан)
· Айыл-суу, мал чарба, жер, токой, экология, өнөр жай, курулуш, өзгөчө кырдаал, тоо кен, маалымат, транспорт, байланыш жана энергетика тармактары боюнча туруктуу комиссия; (Төрага: Кедеев Чыныбек,Темиралиев Тынчтыкбек,Самидинов Руслан,Эргешов Нурланбек.Курманалиев Жанарбек.Кожошов Абдималик).
· Регламент, мыйзамдуулук, укук тартиби, коомдук уюмдар, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу, социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссия;
· (Төрага: Эрмаматов Жоодарбек, Дадабаева Дилбаркан,Жоробаев Нурболот,Сатыбалдыев Улан ).
2. Кызыл-Тоо айылдык Кеңешинин туруктуу комиссияларынын төрагалары (биринчи турган депутат) бекитилсин.
3. Туруктуу комиссияларга, төрагаларга мыйзамдуу функцияларын толук аткарууга киришип, тиешелүү жылдык иш пландарын иштеп чыгып, Кеңешке бекитүүгө сунуш кылуу милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Регламент, мыйзамдуулук, укук тартиби, коомдук уюмдар, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу, мандат жана депутаттык этика тармактары боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага | К. Кадырбеков |