Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ТОО АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Тоо айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги 2- сессиясы
2017-жылдын 14-январы № 5
Кеңешинин туруктуу комиссияларынын функцияларын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Мыйзамынын 32-беренесине ылайык Кызыл-Тоо айылдык Кеңешинин алтынчы чакырылышынын экинчи сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
А). Туруктуу комиссиялардын функциялары бекитилсин (кашаанын ичиндеги):
· Финансы, экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн багыттарын аныктоо жана инвестиция тармактары боюнча туруктуу комиссия; (финансы, экономикалык бардык маселер, салыктардын бардык түрлөрү, кирешелер жана чыгашалар, салыктык эмес төлөмдөр, фонддор, транспорт, байланыш тармактары боюнча, айыл өкмөт боюнча кыбыр эткен 1 тыйынга чейинки бардык операцияларды көзөмөлдөйт. Эң негизги функциясы бюджетти көтөрүүнүн жолдорун издеп таап, жол жобосун иштеп чыгат).
· Билим берүү, маданият, жаштар уюму, спорт, саламаттыкты сактоо жана социалдык маселелер, дин иштери тармактары боюнча туруктуу комиссия; (билим берүү, маданият, жаштар, спорт жана саламаттыкка тиешелүү бардык компоненттерди, социалдык маселелрди иликтеп, көзөмөлдөп, тойлордо, маркумду узатууда ыксыз чыгымдарды жоюунун үстүндө иштеп, аларды кыскартуунун, жакшыртуунун жол жоболорун иштеп чыгат).
· Айыл-суу, мал чарба, жер, токой, экология, өнөр жай, курулуш, өзгөчө кырдаал, тоо кен, маалымат, транспорт, байланыш жана энергетика тармактары боюнча туруктуу комиссия; (Аймактагы суу, таза суу, мал, жер, токой, экология, курулуш, өзгөчө кырдаалдар, тоо кендери, энергетика, ж.б. тиешелүү бардык маселелерди иликтеп, көзөмөлдөп, аларды жакшыртуунун жолдорун иштеп чыгат).
· Регламент, мыйзамдуулук, укук тартиби, коомдук уюмдар, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу, мандат жана депутаттык этика тармактары боюнча туруктуу комиссия;(мыйзамдуулук, укук тартиби, коомдук уюмдар, айыл өкмөттүн бардык түзүмдөрүнүн ишмердүүлүгү, мандат жана этика боюнча бардык маселелерди көзөмөлдөп, депутаттык жолугушууларды уюштуруунун, аларды жакшыртуунун жолдорун иштеп чыгат).
Б). Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Регламент, мыйзамдуулук, укук тартиби, коомдук уюмдар, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу, мандат жана депутаттык этика тармактары боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага | К. Кадырбеков |