Редакцияот 13.01.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЭМГЕК-ТАЛАА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

 

2017-жылдын 13-январы № 1

Эмгек-Талаа айыл аймагынын айылдык Кеңешинин төрагасын шайлоо жөнүндө

Эмгек-Талаа айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXVII чакырылыштагы I уюштуруу сессиясы,

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Депутаттардын көпчүлүк добушун алган Абдрасулов Нурбек Аскарбекович Эмгек-Талаа айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасы болуп шайлансын.

2. Эмгек-Талаа айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары болуп депутаттардын көпчүлүк добушун алган Абдыбалиева Турсун Мухамедовна шайлансын

3. Эмгек-Талаа айыл аймагынын айылдык кеңешинин катчылыгына айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Моютов Каныбек Аманбекович дайындалсын

4. Токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, narun- region.kg веб сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик актыларында белгиленген тартипте мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн Нарын облустук юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

 

Эмгек-Талаа айылдык

кеңешинин депутаты

 

А. Эсенбеков