Редакцияот 01.03.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЭМГЕК-ТАЛАА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

 

2017-жылдын 1-марты № 3

Нарын районунун Эмгек-Талаа айыл аймагынын жайыт комитетинин 2017-жылга карата бюджетин бекитүү жөнүндө

Нарын районунун Эмгек-Талаа айыл аймагынын айылдык Кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги III сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Эмгек-Талаа айыл аймагынын жайыт комитетинин бюджети 2017-жылга 300000 (үч жүз мищ) сом болуп бекитилсин.

2. Жайыт комитетинин бюджети 2017-жылга төмөндөгүдөй пайдалансын

— Жайыттардын инфраструктурасын жакшыртууга – 69,1 сом

— Жайытка төлөнүүчү салык- 58,3 сом

-Айлык акыга баары — 115,9 сом

Төрага 65,5 сом

Бухгалтер 50,4 сом

— Социалдык төлөмгө 20,0

— Күйүүчү, майлоочу майга 22,0 сом

-Сапарга чыгуу чыгмдары 13,3 сом

-Канцелярдык чыгымдарга 1,4 сом

Баары 300,0 сом

3. Токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, narun-region.kg веб сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик актыларында белгиленген тартипте мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн Нарын облустук юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

 

Төрага

Н. Абдрасулов