Загрузка документа…
БУДАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Будалык айылдык кеңешинин 6- чакырылышынын кезектеги 3-заседаниеси
2016-жылдын 8-июлу № 3/1
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүлүнүн 2016-жылдын 04-январындагы Кыргыз Республикасынын Президентинин 2015-жылдын 30-декабрындагы “2016-жыл Кыргыз Республикасында Тарых жана Маданият жылы деп жарыялоо жөнүндө” ПЖ №286 Жарлыгын ишке ашыруу жөнүндөгү Алай райондук мамлекеттик администрациясынын №38 29.02.2016-жылдагы буйругу боюнча Будалык айыл өкмөтүндө аткарылып жаткан иштер жөнүндө карап чыгып Будалык айылдык кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүлүнүн 2016-жылдын 04-январындагы Кыргыз Республикасынын Президентинин 2015-жылдын 30-декабрындагы “2016-жыл Кыргыз Республикасында Тарых жана Маданият жылы деп жарыялоо жөнүндө” ПЖ № 286 Жарлыгын ишке ашыруу Будалык айыл өкмөтүндө алгылыктуу иштер жүргүзүлгөндүгү белгиленсин.
2. “2016-жыл Кыргыз Республикасында Тарых жана Маданият жылына карата ар бир айылдын белгилүү инсандары, жерлердин тарыхы жөнүндө маалыматтарды топтоо дагы улантылсын.
3. Калк арасында керек болгон маалыматтарды толук жана так берүү жагы жооптуу катчыга милдеттендирилсин.
4. Буйруктун аткарылышын камсыз кылуу айыл өкмөт башчысына милдеттендирилсин.
Төрага | С. Рахматов |