Загрузка документа…
БУДАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Будалык айылдык кеңешинин 6- чакырылышынын кезектеги 3-заседаниеси
2016-жылдын 8-июлу № 3/2
Будалык айыл өкмөтүнүн аймагында катуу тиричилик таштандыларын таштоого жана БЕККЕР чуңкурчасын даярдоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2016-жылдын 9-мартындагы № 125-буйругу менен айыл өкмөтүнүн аймагында катуу тиричилик таштандыларын жана БЕККЕР чуңкурчасын мыйзамдаштыруу,жер мыйзамында каралган талаптарга ылайык кеңештин кароосуна таштанды таштоочу жерлерди сунуштоо,таштанды таштоочу жайдын максатка ылайыктуулугун аныктоо үчүн комиссия түзүү боюнча Алай райондук мам администрациясынын 2016-жылдын 21-апрелиндеги №77 буйругун эске алып Будалык айыл өкмөтүнүн жер адиси К.Мурзакуловдун билдирүүсүн талкуулап Будалык айылдык кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Будалык айыл өкмөтүнүн Тамга Терек айылынын Күнгөй участкасынан жашоо тиричиликке таасири тийбей турган жерден катуу тиричилик таштанды БЕКККЕР чуңкурчасы үчүн ылайыктуу жер чектелип берилсин.
2. Катуу тиричилик таштанды БЕККЕР чуңкурчасы н жасоого жумшалуучу акча каражатын бөлүп берүү жагы айыл өкмөтүнүн КЭБ башчысы А.Кудайбердиеге жүктөлсүн.
3. Катуу тиричилик таштанды БЕККЕР чуңкурчасы жасалуучу жер аянтын мыйзамга ылайык чектеп берүү айыл өкмөтүнүн жер адиси К.Мурзакуловго милдеттендирилсин.
4. Тийиштүү иш кагаздарын даярдап берүү жагы Алай райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынан, Жер кадастры жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо бөлүмүнөн,ЭТКМИнин Алай,Чоң Алай райондору боюнча башкармалыгынан суралсын.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөттүн башчысы З.Каримовго тапшырылсын.
Төрага | С. Рахматов |