Загрузка документа…
БУДАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Будалык айылдык кеңешинин 6- чакырылышынын кезексиз 5-заседаниеси
2016-жылдын 22-августу № 5/1
Калкты жана Жарандык абалдын актыларын катто департаментинин 15.08.2016-жылдагы№ 23-1/2572 сандуу каты боюнча КР этностор аралык мамилелер менен макулдашылган долбоорун угуп жана талкуулап катынын негизинде Алай райондук ЖААК бөлүмү менен Будалык айыл өкмөтү тарабынан келишим түзүп, бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым малекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө” Мыйзамынын талаптарына ылайык Алай райондук ЖААК бөлүмү менен Будалык айыл өкмөтү келишим түзүп, келишимди бекитүү максатында
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым малекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө” Мыйзамынын талаптарына ылайык Алай райондук ЖААК бөлүмү менен Будалык айыл өкмөтү тарбынан келишим түзүлүп бекитилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу айыл өкмөтүнүн башчысы З.Каримовго милдеттендирилсин.
Төрага | С. Рахматов |