Загрузка документа…
БУДАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Будалык айылдык кеңешинин 6- чакырылышынын кезектеги 6-заседаниеси
2016-жылдын 29-сентябры № 6/1
Айыл өкмөтүндөгү мектептердин жана мектепке чейинки билим берүүнүн сапаты,окуу тарбия иштери жана айыл өкмөтүнүн бюджетинен бөлүнгөн акча каражатынын сарпталышы жөнүндө
Мектептердин окуу тарбия иштери жана айыл өкмөтүнүн бюджетинен бөлүнгөн акча каражатынын сарпталышы жөнүндө “бюджет жана салык иштери социалдык экономикалык маселелер ,жол транспорт боюнча туруктуу комиссиясынын мүчөсү Арапбай уулу Уландын билдирүүсүн угуп жана талкуулап Будалык айылдык кеңешинин заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бардык мектептерде окуу тарбия иштери алгылыктуу жүргүзүлүп жаткандыгы белгиленсин.
2. Бардык мектептерде айыл өкмөтүнүн бюджетинен ремонт жана башкалар үчүн бөлүнгөн акча каражаты мыйзамдуу ,өз максатында сарпталып жаткадыгы белгиленсин.
3. Ж.Кыпыева орто мектебинин ашканасын керектүү эмеректер менен камсыз кылуу менен бирге эле окуучулардын тамактануусуна ынгайлуу шарттарды түзүү зарылдыгы белгиленсин.
4. Будалык башталгыч мектебинин дааратканасын кайрадан салуу чаралары көрүлсүн.
5. “Шалбаа” бала бакчасында жылуулук системасында айрым ремонт иштерин жүргүзүү үчүн акча каражаты менен камсыз кылуу жагы белгиленсин.
6. Ш.Айткулов атындагы бала бакча үчүн кошумча имарат куруу белгиленсин.
7. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу айыл өкмөтүнүн башчысына жана мектеп директорлоруна, бала бакча башчыларына милдеттендирилсин
Төрага | С. Рахматов |