Загрузка документа…
БУДАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Будалык айылдык кеңешинин 6- чакырылышынын кезектеги 6-заседаниеси
2016-жылдын 29-сентябры № 6/3
Айыл өкмөтүндө каада- салт ырым- жырымдарды тойлорду өткөрүүдө ыксыз чыгымдарды кыскартуу боюнча түзүлгөн комиссиянын жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө
Айыл өкмөтүндө каада-салт, ырым- жырымдарды тойлорду өткөрүүдө ыксыз чыгымдарды кыскартуу боюнча түзүлгөн комиссиянын жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө Арапбай уулу Уландын билдирүүсүн угуп жана талкуулап Будалык айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Будалык айыл өкмөтүндө каада-салт, ырым- жырымдарды тойлорду өткөрүүдө ыксыз чыгымдарды кыскартуу боюнча жеткиликтуу иш алып баруу айыл окмотунун социалдык иштер боюнча адиси К.Асановго милдеттендирилсин.
2. Будалык айыл өкмөтүнун аймагында жеткиликтүү иш алып баруу айыл өкмөтүнүн башчысы З.Каримовго жеткирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу тиешелүү туруктуу комиссияга милдеттендирилсин.
Төрага | С. Рахматов |