Загрузка документа…
БУДАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Будалык айылдык кеңешинин 6- чакырылышынын кезектеги 6-заседаниеси
2016-жылдын 29-сентябры № 6/3
Будалык айыл өкмөтүндөгү айылдарда көйгөйлөрдү аныктоо жөнүндө
Будалык айыл өкмөтүндө АРИС уюму менен ПСИ-3 долбооруна проект жазып иш алып баруу максатында Будалык айыл өкмөтүнүн башчысы З.Каримовдун билдирүүсүн угуп, айылдардагы негизги көйгөйлүү маселелерди карап чыгып жана талкуулап Будалык айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Будалык айыл өкмөтүндө түзулгөн демилгелүү топтор тарабынан аныкталып,конкурстук комисиянын протоколунда иреттелген (ранжирленген ) көйгөйлөр бекитилсин.
2. АРИС уюму менен иштөөдө коомчулук тарабынан чогултуучу 3,75% салымды жамаатардан жана жергиликтүү бюджеттин эсебинен, кошумча кирешелерден топтолсун.
3. Ушул буйруктун аткарылышын камсыз кылууну өз жоопкерчилигиме аламын.
Төрага | С. Рахматов |