Загрузка документа…
БУДАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Будалык айылдык кеңешинин 6- чакырылышынын кезектеги 6-заседаниеси
2016-жылдын 29-сентябры № 6/4
Будалык айыл өкмөтүндө АРИС уюму менен ПСИ-3 долбоору боюнча иш алып баруу үчүн конкурстук комиссия түзүп бекитүү жөнүндө
Будалык айыл өкмөтүндө АРИС уюмуменен ПСИ-3 долбоору боюнча иш алып баруу үчүн конкурстук комиссия түзүү максатында Будалык айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Будалык айыл өкмөтүндө АРИС уюмуменен ПСИ-3 долбоору боюнча иш алып баруу боюнча төмөнкүдөй курамда конкурстук комиссия түзүлсүн:
Осмонов Акмырза :- конкурстук комиссиянын төрагасы,
Октябрь айылынын айыл башчысы
Абдиаким уулу Дайырбек :- мүчөсү, Будалык ЖПБнынтөрагасы.
Осмонов Зайырбек:- мүчөсү, айылды кеңештин депутаты.
Сыдыков Алтынбек :- мүчөсү, айыл башчы.
Эгемкулов Өмүрбек:- мүчөсү, айылдык кеңештин депутаты.
Эркебаев Сейдали:- мүчөсү, айыл башчы.
Бакиров Муктарбек мүчөсү, айыл башчы.
2. АРИС уюму менен иштөөдө даярдала турган бардык иш кагаздарын өз мөөнөтүндө даярдоо жана эл менен тыгыз иш алып баруу жагы жана демилгелүү топтор жүргүзгөн фокус топтордун сурамжылоолорунун жыйынтыгын отурумда карап, жыйынтыгын айылдык кеңешке сунуш кылуу жагы атайын түзүлгөн конкурсттук комиссияга милдеттерилсин.
3. АРИС уюму менен иш алып барууда коомчулук тарабынан жыйнала турган 3,75% ды өз мөөнөтүндө чогултуу боюнча иш чараларды уюштуруу жагы айыл башчылырга милдеттендирилсин.
4. Ушул буйруктун аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл өкмөт башчысына милдеттендирилсин
Төрага | С. Рахматов |