Загрузка документа…
БУДАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Будалык айылдык кеңешинин 6- чакырылышынын кезектеги 6-заседаниеси
2016-жылдын 29-сентябры № 6/6
Будалык айыл өкмөтүнүн Тамга-Терек айылында жайгашкан №48 Будалык башталгыч мектебине тиешелүү (мурда ФАП жана китепкана катары пайдаланылган имараттардын) жер аянтын тактап мамлекеттик акт даярдоо жөнүндө
Алай райондук жер кадастры жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгынын 2016-жылдын 04-октябрындагы №406 билдирүүсүндө Будалык башталгыч мектеби каттоодон өтпөгөндүгү жана Алай райондук мамлекеттик архивинин 2016-жылдын 04-октябрындагы № 02/11-506. 02/16-511 маалыматы боюнча 1990-жылдан 2000-жылга чейин китепкана жана ФАП болуп пайдаланылып,бирок тиешелүү иш кагаздары жок экендигин эске алып, азыркы мезгилде мектеп катары пайдаланылып жаткан имаратка мамлекеттик акт алуу максатында Будалык айылдык кеңешинин VI чакырылышынын VI заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тамга Терек айылындагы №48 Будалык башталгыч мектебинин жалпы (мурдагы ФАПтын жана эски китепкананын жалпы аянты 3650,00 чарчы метр) жер аянты бар экендиги эске алынсын
2. Ал имараттар азыркы мезгилде №48 Будалык башталгыч мектеби деп аталып, жалпы аянты 3650,00 чарчы метр бекитилип берилсин.
3. Тийешелүү документтик иш кагаздарын даярдап берүү Алай райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынан жана Жер кадастры жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгынан суралсын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн жер адиси К.Мурзакуловго милдеттендирилсин.
Төрага | С. Рахматов |