Загрузка документа…
ЖАҢЫ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 31-январы № 3/1
Жаны-Алай айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун жыйынтыгы боюнча
Кыргыз Республикасынын Референдум өткөрүү жана Борбордук шайлоо комиссиясынын 2017-жылдагы 20-январь №1 токтомунун негизинде Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу мыйзамынын 49 беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык 2017-жылдын 31-январындагы Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн башчысынын шайлоонун жыйынтыгы менен Жаңы-Алай айылдык Кеңешинин 6 - шайланган кезектеги 3- заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы болуп Жаны-Алай айылдык кенешинин депутаттарынын көпчүлүк добушун алган А.Исмаилов эсептелсин.
2. Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн башчысын буйрук менен бекитип берүү жагы Алай райондук мамлекеттик администрациясынан суралсын.
3. Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн башчысына күбөлүк берүү жагы АШКдан суралсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жооптуу катчы А. Мамаевага милдеттендирилсин.
Төрага | О. Акбашов |