Редакцияот 07.02.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖАҢЫ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Жаңы-Алай айылдык Кеңешинин 6-шайланган кезектеги 4-заседаниеси

 

2017-жылдын 7-февралы № 4/4

Жаңы-Алай айыл өкмөтү тарабынан сунушталган ветеринардык адистикти контрактык негизде жергиликтүү бюджеттин эсебинен штаттык бирдигин киргизүү жөнүндө

Жаңы-Алай айыл өкмөтү тарабынан сунушталган Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 5-августундагы №451 токтомунда көрсөтүлгөн ветеринардык врачты жергиликтүү бюджеттин эсебинен штаттык бирдигин киргизүү жөнүндө Жаңы-Алай айылдык Кеңешинин кезектеги заседаниеси

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн сунушунда көрсөтүлгөн Жаңы-Алай айылынын чок ортосунда жайланышкан “Сибир жарасынын” очогу баланста тургандыктан, Алай районунун ветеринардык адистери Гүлчө айылында тургандыктан, Гүлчө айылынан 90 чакырым алыс болгондуктан, ветеринардык профилактикалык иштер өз учурунда болбой, айылда жашаган элдерден арыздар көп түшкөнүн эске алып жергиликтүү бюджеттин эсебинен контрактык негизде ветеринардык адистик штат бирдиги киргизилсин.

2. 2017-жылдын жергиликтүү бюджетинин сметасына киргизип берүү жагы Алай райондук финансы бөлүмүнөн суралсын.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кенештин пландоо жана бюджет социалдык - экономикалык өнүгүү боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн жана аткаруу жагы айыл өкмөт башчысы А.Исмаиловго, К.Э.Б башчысы К. Абдикаримовага милдеттендирилсин.

 

Төрага

О. Акбашов