ЖАҢЫ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жаңы-Алай айылдык Кеңешинин 6-шайланган кезектеги 4-заседаниеси
2017-жылдын 7-февралы № 4/6
Кыргыз Республикасынын №182 31-декабрь 2014-жылдагы мыйзамынын негизинде Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзам кабыл алынган. Кыргыз Республикасынын салык кодексинини 337-статьясынын 6-пунктуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө айыл чарбасына арналган жерлердин кыртышын эсепке алуу менен базалык ставкасын 3-эсеге чейин көтөрүү жөнүндө
Алай райондук мамлекеттик администрациясынын 29.01.2016-жылдын №01-17/32 катын аткаруу боюнча Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы А.Исмаиловдун сунушу жөнүндө Кыргыз Республикасынын №182 31-декабрь 2014-жылдагы мыйзамынын негизинде Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзам кабыл алынган. Кыргыз Республикасынын салык кодексинини 337-статьясынын 6-пунктуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө айыл чарбасына арналган жерлердин кыртышын эсепке алуу менен базалык ставкасын көтөрүү жөнүндө Алай райондук мамлекеттик администрациясынын 29.01.2016-жылдын № 01-17/32 катын аткаруу боюнча Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы А. Исмаиловдун сунушун угуп жана талкуулап, Жаңы-Алай айылдык кенешинин заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Жаңы-Алай айыл өкмөтүндөгү кайрак айдоо 83,00 сомду-1,5 эсеге көтөрүү менен 124,5сом,чөп чабынды -59,00сомду-1,5 эсеге көтөрүү менен 88,5сомго көтөрүлсүн.
2. Кыргыз Республикасынын №182 31-декабрь 2014-жылдагы мыйзамынын негизинде Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзам кабыл алынган. Кыргыз Республикасынын салык кодексинини 337-статьясынын 6-пунктуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө айыл чарбасына арналган жерлердин кыртышын эсепке алуу менен базалык ставкасы көтөрүлгөндүгү жөнүндө элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүү айыл өкмөтүнүн жер адиси А.Арзыкуловго,айыл башчылары А.Айдаралиев,Р.Абдыкуловдорго милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө туруктуу комиссияга милдеттендирилип,аткарылышын камсыз кылуу Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы А.Исмаиловго милдеттендирилсин.
Төрага | О. Акбашов |