Загрузка документа…
ЖАҢЫ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 3-марты № 5/1
Малдарды идентификациялоо жана көзөмөлдөө боюнча Кыргыз Республикасында «Малдарды идентификациялоо» мыйзамына,Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 5-декабрындагы №694,2016-жылдын 11-апрелиндеги №187 токтомдорунун жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча инспекциясынын 2017-жылдын 20-февралындагы №031 буйругунун негизинде малдарды идентификациялоо жоболоруна таянып жана 2016-жылдын 11-15-июлунда ЕАЭСтин мүчөлүгүнө кирген мамлекеттердин шарттарына ылайык Алай районунун аймагында жеке менчик саан уйларды жана кунаажындарды идентификациялоодон өткөрүү жана кзөмөлдүк кылуу максатында Алай райондук мамлекеттик администрациясынын 24-февраль 2017-жылдын №40 буйругу боюнча вет.адис Бакмаматов Шайинбектин сунушун кароо жөнүндө
Малдарды идентификациялоо жана көзөмөлдөө боюнча Кыргыз Республикасында «Малдарды идентификациялоо» мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 5-декабрындагы № 694, 2016-жылдын 11-апрелиндеги № 187 токтомдорунун жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча инспекциясынын 2017-жылдын 20-февралындагы №031 буйругунун негизинде малдарды идентификациялоо жоболоруна таянып жана 2016-жылдын 11-15-июлунда ЕАЭСтин мүчөлүгүнө кирген мамлекеттердин шарттарына ылайык Алай районунун аймагында жеке менчик саан уйларды жана кунаажындарды идентификациялоодон өткөрүү жана кзөмөлдүк кылуу максатында Алай райондук мамлекеттик администрациясынын 24-февраль 2017-жылдын №40 буйругу боюнча вет.адис Бакмаматов Шайинбектин сунушун жөнүндөгү бюджет жана социалдык - экономикалык өнүгүү боюнча туруктуу комиссиясынын 3-март 2017-жылдын №1 протоколун кароо жөнүндө Жаңы-Алай айылдык Кеңешинин 6 - шайланган кезексиз 5- заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ири мүйүздүү малдарды идентификациялоо ветеринардык адис Ш.Бакмаматовго милдеттендирилип,элден ар бир кара мал үчүн 70 сомдон чогултулсун.Анын ичинен 37 сом 76 тыйынын квитанциянын негизинде атайын счетко которулуп берилсин.
2. 32 сом 24 тыйын акча ветеринардык адис Ш.Бакмаматов менен оператор Г. Тажибаевага эмгек акы үчүн төлөнүп берилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Жаны-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы А.Исмаиловго,көзөмөлдөө бюджет жана социалдык - экономикалык өнүгүү боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага | О. Акбашов |