Загрузка документа…
ЖАҢЫ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 3-марты № 5/2
Кыргыз Республикасынын «Жайыттар жөнүндө» Мыйзамынын 4-беренесине ылайык Ош облусунун Алай районунун Жаңы-Алай айыл өкмөтүндөгү жайыт жерлерин натыйжалуу жана сарамжалдуу башкарууну жана пайдаланууну жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жайыттар жөнүндө» Мыйзамынын 4-беренесине ылайык Ош облусунун Алай районунун Жаңы-Алай айыл өкмөтүндөгү жайыт жерлерин натыйжалуу жана сарамжалдуу башкарууну жана пайдаланууну жөнүндө Жайыт комитетинин төрагасы Ш.Бакмаматовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Жаңы-Алай айылдык Кеңешинин 6 - шайланган кезексиз 5- заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жаны-Алай айыл аймагынын Жайыт пайдалануучулар бирикмесине жайыт жерлерин башкаруу жана пайдалануу боюнча жергиликтуу өз алдынча башкаруу органын ыйгарым укуктары өткөрүлүп берилсин.
2. Жайыт пайдалануучулар бирикмесине жана анын аткаруу органы Жайыт комитетине жайыт жерлерин башкарууну жана пайдаланууну жергиликтүү кенеш тарабынан расмий бекитилген Жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча жамааттын көп жылдык жана бир жылдык пландарын негизинде гана жургузуусу милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун экинчи болугундо корсотулгон пландар өз убагында аткарылбаса же аларды иш жузуно ашууруда одоно кемчиликтерге жол берилсе ,анын ичинен Жайыт комитетинин карамагындагы акча каражаттары максатсыз жана натыйжасыз пайдаланылса откорулуп берилген ыйгарым укуктары кайта жергиликтуу оз алдынча башкаруу органына кайтарылып алынары Жайыт пайдалануучулар бирикмесине жана анын аткаруу органы-Жайыт Комитетине эскертилсин.
4. Жайыт комитетинин башчысы жайыт комитетинин бардык мучолоруно,жайыт пайдалануучуларга,жергиликтуу өз алдынча башкаруу органдарына,жайыттарды башкаруу боюнча йыгарым укуктуу мамлекеттик органына жана анын жергиликтуу расмий окулчулукторуно Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин Уставына жана бекитилген пландарга ылайык өз убагында толугу менен тийиштуу отчетторду,маалыматтарды берип туруусуна милдетуу.
5. Жайыт комитетине жергиликтуу өз алдынча башкаруу органдары тарабынан жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча пландарды өз убагында жана бекитилген тартипте даярдоо,макулдашууда,бекитуудо жана аткарууда ар тараптуу жардамдар такай корсотулуп туруусу белгиленсин.
6. Жайыт жерлерин башкаруу жана пайдалануу боюнча аткарыла турган бардык иш-чаралар Кыргыз Республикасынын «Жайыттар жөнүндө» Мыйзамынын негизинде жургузулуусу каралсын .
7. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Жаңы-Алай айыл айыл өкмөтүнүн башчысы А. Исмаиловго жүктөлсүн.
Төрага | О. Акбашов |