Загрузка документа…
ЭМГЕКЧИЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 23-августу № 1
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мамлекеттик каттоо комитетинин алдындагы ЖААК жана калкты каттоо департаменти менен Эмгекчил айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн ортосунда түзүлгөн келишимди бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мамлекеттик каттоо комитетинин алдындагы ЖААК жана калкты каттоо департаменти менен Эмгекчил айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн ортосунда түзүлгөн келишимди бекитүү жөнүндөгү маселени Кыргыз Республикасынын Конституциясын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамдарынын негизинде сессия
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Нарын райондук жарандык актыларын каттоо бөлүмүнө жарандардын туулгандыгы жөнүндө актыны,никелешүү жөнүндө актыны,өлгөндүгү жөнүндөгү актыны, аталыкты аныктоо жөнүндө актыны каттоо жана чогултуу боюнча,документтерди алууга жана жыйноо боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына ыйгарым укуктарын берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мамлекеттик каттоо комитетинин алдындагы ЖААК жана калкты каттоо департаменти менен Эмгекчил айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн ортосундагы түзүлгөн келишим бекитилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Эмгекчил айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин аткаруучу Б. Курманалиевага милдеттендирилсин.
Төрага | Н. Мусаев |