Загрузка документа…
ЭМГЕКЧИЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 23-сентябры № 1
Булан уулу Чынгыш Ажынын урпактары Сапалов Асан,Чынгышев Абдралы, Чынгышов Абдылдабек,Садыров Ырыскелдинин арызын кароо жөнүндө
Күн тартибиндеги маселе боюнча айылдык Кеңештин төрагасы Н. Мусаевдин жогорудагы арыз менен тааныштырган билдирүүсүн угуп жана талкуулап сессия
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Арыз ээлеринин арызы канааттандырылсын.
2. Булан уулу Чынгыш Ажынын урпактарына Эмгекчил айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн конторасынын астына,Чынгыш Ажынын эстелигин тургузуу менен бирге, парк уюштурууга уруксат берилсин.
3. Уюштурулган паркктын мындан ары иштөөсүнө,көрктөндүрүү,жашылдандыруу иштерин жүргүзүү жагы Булан уулу Чынгыш ажынын урпактарына тапшырылсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Эмгекчил айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн милдетин аткаруучу Б.Курманалиевага милдеттендирилсин.
Төрага | Н. Мусаев |