Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 12-апрели № 1
Ноокат шаарынын аймагындагы Таштак кварталына жаңы "Таштак" шайлоо участкасын түзүү жөнүндө
Таштак кварталына жаңы "Таштак" шайлоо участкасын түзүү жөнүндөгү маселени угуп жана талкуулап, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7,20-беренелеринин, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесинин шайлоо участкаларын түзүүнүн 2-пунктуна ылайык Ноокат шаарынын аймагындагы Таштак кварталында жайгашкан №5399 Крупская шайлоо участкасындагы шайлоочулардын саны 2500 дөн ашып кеткендигине байланыштуу, шайлоочуларга ынгайлуу шарт түзүү муктаждыгы жаралгандыктан жаны "Таштак" шайлоо участкасын уюштурууга Ноокат шаардык кеңешинин алдындагы мыйзамдуулукту сактоо, мандат, депутаттык этика, өз алдынча башкаруу, коомдук уюмдар, дин иштери боюнча туруктуу комиссиясынын берген сунушун карап, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ноокат шаарынын аймагындагы Таштак кварталына жаңы "Таштак" шайлоо участкасы түзүлсүн.
2. Токтомдун көчүрмөсү малымат үчүн Ноокат аймактык шайлоо комиссиясына жиберилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ноокат шаардык кеңешинин алдындагы мыйзамдуулукту сактоо, мандат, депутаттык этика, өз алдынча башкаруу, коомдук уюмдар, дин иштери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А. Гафаров |