Редакцияот 11.01.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

САРЫ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Сары-Булак айылдык кеңешинин 5-чакырылышынын 1-сессиясы

 

2017-жылдын 11-январы № 1/1

Сары-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасын жана төраганын орун басарын шайлоо боюнча депутаттардан түзүлгөн эсептөө комссиясынын курамын бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 37-беренесинин 7-бөлүгүнө жана Сары-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин регламентинин 5-бөлүмүнө ылайык Сары-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Сары-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасын жана төраганын орун басарын шайлоо боюнча депутаттардан түзүлгөн эсептөө комссиясынын курамына төмөндөгү сунуш кылынган депутаттар бекитилсин.

Алышпаева Светлена Турашовна

Айманова Сейилкан Койгелдиевна

Жумабеков Уланбек Кадыралиевич

2. Эсептөө комиссиясы Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамына жана Сары-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин регламентинин 5-бөлүмүнө ылайык иш алып барышсын.

 

Төрага

М. Бейшеналиев