Редакцияот 30.01.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТАШ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Таш-Дөбө айылдык кеңешинин кезектеги 1- сессиясы

 

2017-жылдын 30-январы № 1/2

Таш-Дөбө айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн эсебиндеги 1-январь 2017-жылга карата 2016-жылдын бюджетинен үнөмдөлгөн акча каражатын сарптоо жөнүндө

Таш-Дөбө айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн эсебиндеги 1-январь 2017-жылга карата 606 583,04 сом калдык акча каражатын пайдалануу багытын аныктоо боюнча Таш-Дөбө айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы А.Мойноков, «Нурислам» бала бакчасынын башчысы Т.Мамбеталиева, ФЭБ башчысы К.Ибраимов, ФАП кызматкери Г.Исакованын кайрылуусун угуп жана талкуулап, сунуштарын эске алуу менен, Таш-Дөбө айыл аймагынын Сүйүмбаев айылдык Кеңеши,

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Таш-Дөбө айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн айылдык эсебиндеги 1-январь 2017-жылга карата 606583,04 сом калдык акча каражаты төмөндөгүдөй багыттарда пайдаланууга бөлүштүрүлсүн:

·         АРИС аркылуу айылдын инфраструктурасын оңдоо долбоорунун алкагында Таш-Дөбө айылындагы Таш-Дөбө орто мектебинин жылуулук берүүчү системасын капиталдык оңдоодон өткөрүүгө;

·         Таш-Дөбө айылына көпүрө салууга өздүк салым үчүн 200000 миң сом;

·         Таш-Дөбө орто мектебинин алдындагы 3 саатык программадагы «Нурислам» бала бакчасына учурдагы чарбалык максаттары үчүн предметтерди жана материалдарды дагы башка сатып алууларды алуу үчүн 30 000 сом;

·         Таш-Дөбө айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн карамагына, кеңсеге эмеректерди камсыз кылууларын жана шаймандарды сатып алууга 300000 миң сом;

·         Таш-Дөбө айылындагы ФАП пунктуна компьютердик камсыз кылып алууга 35000 сом;

·         Башка кызмат көрсөтүүлөргө акы төлөөгө байланышытуу башка чыгашаларга 41583,04сом;

2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Таш-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы А.К.Мойноковдон суралсын.

 

Төрага

М. Мусаев