Редакцияот 30.01.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТАШ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Таш-Дөбө айылдык кеңешинин кезектеги 1- сессиясы

 

2017-жылдын 30-январы № 1/4

Таш-Дөбө айыл аймагында «Нурислам» бала бакчасынын Уставын бекитүү жөнүндө

Таш-Дөбө айыл аймагында «Нурислам» бала бакчасын уюштуруу боюнча Таш-Дөбө орто мектебинин астында уюштурулган 3 (үч) сааттык бала бакчанын башчысы Мамбеталиева Таалайкүлдүн кайрылуусун карап, Таш-Дөбө айыл аймагынын Сүйүмбаев айылдык Кеңешинин депутаттарынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Таш-Дөбө айыл аймагынын Сүйүмбаев айылдык Кеңеши,

ТОКТОМ КЫЛАТ:

Таш-Дөбө айыл аймагында «Нурислам» бала бакчасынын Уставы бекитилсин.

Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Таш-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы  А.К.Мойноковго милдеттендирилсин.

 

Төрага

М. Мусаев