Загрузка документа…
ТАШ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 15-марты № 2-2
Таш-Дөбө айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2017-жылга карата «Катаган таза суу» ИСКАКБнын бюджетин бекитип берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамына ылайык, таза сууну натыйжалуу, сарамжалдуу колдонуу жана пайдалануу үчүн «Катаган таза суу» ИСКАКБнын бюджетин бекитүү боюнча Таш-Дөбө айыл аймагынын «Катаган таза суу» ИСКАКБнын төрагасы А.Тыйтаңовдун 2016-жылдагы аткарылган иштерин жана 2017-жылда аткара турган иштери жөнүндө маалыматты угуп Таш-Дөбө айыл аймагынын Сүйүмбаев айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жумгал районунун Таш-Дөбө айыл аймагынын «Катаган таза суу» ИСКАКБнын төрагасы А.Тыйтаңовдун 2017-жылга каралган бюджети төмөндөгүдөй бекитилсин: Жалпы 2017-жылга карата түзүлгөн бюджети 300 000 миң сом деп кабыл алынсын.
2. Үй ичине суу киргизүү үчүн уруксаат (разрешение) алуудагы төлөнүүчү сумма 3 000 (үч миң) сом деп бекитилсин.
3. Үй жана көчө колонкасынан суу пайдалангандыгы үчүн тарифин бекитүү:
- ичүүчү суу акысы көчө калонкасынан 1 (бир) адамга 20 (жыйырма) сом деп белгиленсин.
- үй ичинен суу ичкендиги үчүн суу акысы 1 (бир) адамга 25 (жыйырма беш) сом деп белгиленсин.
4. Ичүүчү суунун тарифин бекитүүдө бул токтомдун аткарылышы Таш-Дөбө айыл аймагынын «Катаган таза суу» ИСКАКБнын төрагасы А. Тыйтаңовго жана комитеттин мүчөлөрүнө милдеттендирилсин.
Төрага | М. Мусаев |