Редакцияот 20.02.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖУМГАЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Жумгал айылдык кеңешинин 26-чакырылышынын сессиясы

 

2016-жылдын 20-февралы № 2

Жумгал айыл аймагынын Жумгал айыл өкмөтүнүн 2015-жылда киреше жана чыгаша бөлүгүнөн эконом болгон бюджетти бөлүштүрүү жөнүндө

Жумгал айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2015-жылда киреше жана чыгаша бөлүгүнөн эконом болгон бюджеттик каражат 299609 сом 76 тыйын 2016-жылга бөлүштүрүү учун Жумгал айыл өкмөтүнүн ФЭБ нун башчысы Ш. Карагуловдун Жумгал айылдык Кеңешинин төрагасына жана айылдык Кеңештин депутаттарына жазган билдирүүсүн окуп жана талкуулап, Жумгал айылдык Кеңешинин сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жумгал айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2015-жылда бюджеттик каражаттан эконом болгон 299609 сом 76 тыйын, 2016-жылга карата төмөндөгүлөрөо бөлүштүрүлсүн.

1.Башкаруу аппаратына 210 000 сом

2. Мектептерге 2 9609,76 сом

3. Китепканаларга 20 000 сом

4. Клуб Лама айылынын 15 000 сом

5 .Бала бакчага 25 000 сом

Жалпы баардык бюджеттик каражат 2 99609 сом 76 тыйын.

2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөл кылуу жагы Жумгал айыл өкмөтүнүн башкы бухгалтери Карагулов Шайлообекке милдеттендирилсин.

 

Төрага

С. Санташов