Загрузка документа…
МОГОЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 9-январы № 4
Айылдык Кеңештин токтомдору жөнүндө
Айылдык Кеңештин токтомдорунун кабыл алуусу тууралуу талаптарга ылайык мыйзамдуулукту жана коомдук тартипти сактоо боюнча туруктуу камиссиясынын төрагасы А. Мамарасуловдун маалыматын угуп жана талкуулап Могол айылдык Кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги I –сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынын ченемдик укуктук актыларын каттоонун тартиби жөнүндөгү» жобосуна ылайык Могол айылдык Кеңешинин токтомдору мамлекеттик тилде гана кабыл алынсын.
2. Токтом массалык маалымат каражаттарына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин.
3. Токтомдорду мамлекеттик Юстиция башкармалыгына каттоодон өткөрүү айылдык Кеңештин жооптуу катчысы Б.Алыбаевага жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык Кенештин төрагасынын орун басары Р.Юлдашевке жүктөлсүн.
Төрага | Т. Омурзаков |