Редакцияот 16.02.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

МОГОЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Могол айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги 3- сессиясы

 

2017-жылдын 16-февралы № 5

Могол айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүгүү программасына кирген иш-чараларды аткаруу үчүн 2017-жыл ичинде жазылган кичи долбоорлор колдоого алуу жөнүндө

Могол айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүгүү программасына кирген иш-чараларды аткаруу үчүн 2017-жыл ичинде жазылган кичи долбоорлорду колдоп берүү жөнүндө Могол айыл аймагынын башчысынын маалыматын угуп жана талкуулап Могол айылдык Кеңешинин VII- чакырылышынын кезектеги III – сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Могол айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүгүү программасына кирген иш-чараларды аткаруу үчүн 2017-жыл ичинде жазылган кичи долбоорлор жактырылсын жана колдоого алынсын.

2. Ишке ашкан инвестициялык микродолбоорлордун акча каражаттары кошумча смета менен каралып чыгымдалсын.

3. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Могол айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнө тапшырылсын.

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө экономика, план, бюджет маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Төрага

Т. Омурзаков