Загрузка документа…
ЛЕНИН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 26-январы № 1
Ленин айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап Ленин айылдык Кеңешинин II сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ленин айыл өкмөтүнүн башчысы кызмат ордуна шайлоо боюнча жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгын чыгаруу жөнүндө Сузак аймактык шайлоо комиссиясынын жыйынтык протоколу бекитилсин.
2. Ленин айыл өкмөтүнүн башчысы кызмат ордуна жалпы депутаттардын көпчүлүк добушун алган Токтосунов Бакыт Турдалиевич Ленин айыл өкмөтүнүн башчысы кызмат ордуна шайланды деп эсептелсин.
3. Ушул токтомду бекитип берүү жагы Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынан суралсын.
Төрага | М. Кеңешбаев |