Загрузка документа…
ЛЕНИН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 15-февралы № 2
Кыргыз Өкмөтүнүн №451 токтомуна ылайык айыл өкмөтүнүн аппарат кызматкерлеринин штаттык сан-эсебин жана түзүмүн бекитүү жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап Ленин айылдык Кеңешинин III сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Өкмөтүнүн №451 токтомуна ылайык айыл өкмөтүнүн аппарат кызматкерлеринин жана штаттык саны төмөндөгүдөй болуп бекитилсин:
- Айыл өкмөт башчы – 1;
- Жооптуу катчы – 1;
- Каржы экономика бөлүмүнүн башчысы – 1;
- Экономист-статист, башкы адис – 1;
- Кирешелер боюнча башкы адис – 1;
- Социалдык маселелер боюнча адис – 1;
- Жер маселелери боюнча башкы адис – 1;
- Мал чарбасы боюнча жетектөөчү адис – 1;
- Социалдык маселелер боюнча жетектөөчү адис – 1;
- Бухгалтер-кассир, жетектөөчү адис – 1;
- Айыл башчылар – 2;
- Кирешелер боюнча адис, салыкчы – 1;
- ВУСтун инспектору, адистер – 2;
- Иш кагаздарын жүргүзүүчү адис – 1.
Техникалык жана тейлөөчү кызматкерлер:
- Шофер – 1;
- Техничка, кароол – 1.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө бюджет, экономика, муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.
Төрага | М. Кеңешбаев |