Загрузка документа…
КЫЗЫЛ–КЫЯ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 30-марты № 6/16
Кызыл-Кыя шаарына караштуу «Караван» аймактык башкармалыктын «Ак-Булак» жайыт пайдалануучулар бирикмесине жайыт жерлерин башкаруу жана пайдалануу боюнча укуктарды өткөрүп берүү жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени карап жана талкуулап чыгып, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 15-июлундагы №101 Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүгүнө жана «Жайыттар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-беренесине негиз, шаардык кеңештин ишкерлер, өнөр–жай, транспорт, коммуникация жана агрардык маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын маселени шаардык кеңештин сессиясына сунуштоо боюнча чечимин жана шаардын «Ак-Булак» жайыт пайдалануучулар бирикмесинин кайрылуу катын эске алып, жайыт жерлерин натыйжалуу, сарамжалдуу башкарууну жана пайдаланууну камсыз кылуу максатында, Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Кыя шаарына караштуу «Караван» аймактык башкармалыктын «Ак-Булак» жайыт пайдалануучулар бирикмесине жайыт жерлерин башкаруу жана пайдалануу боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын ыйгарым укуктары өткөрүлүп берилсин.
2. Жайыт пайдалануучулар бирикмесине жайыт жерлерин башкарууну жана пайдаланууну жергиликтүү кеңеш тарабынан расмий бекитилген жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча жамааттын көп жылдык жана бир жылдык пландарынын негизинде гана жүргүзүүсү милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун экинчи бөлүгүндө көрсөтүлгөн пландар өз убагында аткарылбаса же аларды иш жүзүнө ашырууда одоно кемчилдиктерге жол берилсе, анын ичинен жайыт пайдалануучулар бирикмесинин карамагындагы акча каржаттары максатсыз жана натыйжасыз пайдаланылса өткөрүлүп берилген ыйгарым укуктары кайта жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына кайтарылып алынары жайыт пайдалануучулар бирикмесине эскертилсин.
4. Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин башчысы жайыт комитетинин бардык мүчөлөрүнө, жайыт пайдалануучуларга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, жайыттарды башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органына жана анын жергиликтүү расмий өкүлчүлүктөрүнө жайыт пайдалануучулар бирикмесинин Уставына жана бекитилген пландарга ылайык өз убагында толугу менен тийиштүү отчетторду, маалыматтарды берип туруусуна милдетүү.
5. Жайыт пайдалануучулар бирикмесине жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча пландарды өз убагында жана бекитилген тартипте даярдоодо, макулдашууда, бекитүүдө жана аткарууда ар тараптуу жардамдар такай көрсөтүлүп туруусу белгиленсин.
6. Жайыт жерлерин башкаруу жана пайдалануу боюнча аткарыла турган бардык иш-чаралар Кыргыз Республикасынын «Жайыттар жөнүндө» Мыйзамынын негизинде жүргүзүлүүсү каралсын.
7. Кызыл-Кыя шаарына караштуу ички жайыттарынын чек араларын аныктоо үчүн шаардык кеңештин депутаттарынан, шаардын аткаруу бийлигинин кызматкерлеринен, тийиштүү адистерден жана коомчулуктан жумушчу комиссия түзүлсүн.
8. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин ишкерлер, өнөр–жай, транспорт, коммуникация жана агрардык маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жана Кызыл-Кыя шаарынын 1-вице-мэри А.Гапаровго жүктөлсүн.
Төрайым | У. Дарипова |