Загрузка документа…
КР 2017-жылдын 24-январындагы № 10 Мыйзамына ылайык 2019-жылдын 1-январынан тартып КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Бишкек шаары, 1999-жылдын 30-июну № 63
Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө
1-статья.
Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин ушул Мыйзамда колдонууга киргизүүнүн башка мөөнөттөрү каралган жоболорунан башкалары жарыяланган күндөн тартып, колдонууга киргизилсин.
2-статья.
Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодекси жарыяланган күндөн тартып 1960-жылдын 29-декабрында "Кыргыз ССРинин Уголовный процессуальный кодексин бекитүү жөнүндө" Кыргыз ССРинин Мыйзамы менен бекитилген Кыргыз ССРинин Уголовный-процессуалдык кодекси (Кыргыз ССР Жогорку Советинин Ведомосттери, 1960-жыл, N 40, 146-ст), ошондой эле 1960-жылдын 29-декабрынан тартып 1999-жылдын 24-майына чейин Кыргыз ССРинин Уголовный-процессуалдык кодексине өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү боюнча кабыл алынган мыйзамдар жана башка ченемдик укуктук актылар күчүн жоготту деп табылсын.
"Эркин Тоо" газетасынын 1999-жылдын 21-июлунда N 59-62 жарыяланды
3-статья.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үч айлык мөөнөттө:
- Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине карама-каршы келген мыйзам актыларын Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине ылайык келтирүү жөнүндө сунуштарды даярдасын жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизсин;
- министрликтер менен администрациялык ведомстволор тарабынан Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине карама-каршы келген ченемдик укуктук актыларынын кайра каралышын жана жоюлушун камсыз кылсын.
4-статья.
Мындан ары Кыргыз Республикасынын мыйзам актылары жана ченемдик укуктук актылары Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине ылайык келтирилгенге чейин алардын Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине карама-каршы келбеген бөлүктөрү колдонула берет.
5-статья.
Жазык-процесстик кодексинин 270-статьяда каралган сот сакчысы жөнүндө жоболору.. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен макулдашуу боюнча 2001-жылга чейин этабы менен киргизилет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| А.Акаев |
|
|
|
1999-жылдын 24-майында |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйыны тарабынан кабыл алынган |