Загрузка документа…
КАРА-КӨЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 30-январы № 61/17-6
“Кара-Көл шаарындагы № 5 “ Колокольчик” бала бакчасын муниципалдык менчикке алуу жөнүндө ”
Жалал-Абад райондор аралык сотунун 20.01.2014-жылдагы чечими менен Кара-Көл шаарындагы № 5 “ Колокольчик” балдар бакчасын сатып алуу боюнча шаардык мамлекеттик администрациясынын 20.09.2000-жылдагы № 282 –буйругу жана шаардык мамлекеттик жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлктү каттоо башкармалыгы тарабынан берилген 20.09.2000-жылдагы № 001207 мамлекеттик актысы жокко чыгарылгандыгынын, Токтогул ГЭСтеринин Каскадынын директору А.К.Кушубаковдун № 5 “ Колокольчик” бала бакчасын баланска алууга мүмкүнчүлүгү жок экендиги жөнүндө 30.01.2015-жылдагы № 122/07 сандуу катынын, Кара-Көл шаарынын мэри М.Д.Койчиевдин жеке менчигинде турган Кара-Көл шаарындагы № 5 “ Колокольчик” бала бакчасын муниципалдык менчикке алуу жөнүндө 2015-жылдын 30-январындагы № 05-23/159 сандуу кайрылуу катынын негизинде, ошондой эле “ Социалдык инфраструктура объекттерин мындан ары пайдалануунун шарттарын камсыз кылуу боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө”Кыргыз Республикасынын Президентинин 16.02.1995 –жылдагы № ПЖ-37- Жарлыгын, “ Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесин жетекчиликке алуу менен Кара-Көл шаардык кеңешинин кезексиз XVII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Кара-Көл шаарында жайгашкан № 5 “ Колокольчик” бала бакчасын жарандык-укуктук бүтүмдүн негизинде шаардын муниципалдык менчигине акысыз өткөрүп алууга макулдук берилсин.
Аталган обьектини муниципалдык менчикке алуу, мыйзам чегиндеги тиешелүү иштерди жүргүзүү шаардык мэрияга ( М.Д.Койчиев), муниципалдык менчик башкармалыгына ( К.С.Сарбалаев) жүктөлсүн.
Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин өндүрүш, курулуш,архитектура, турак-жай, коммуналдык чарба,муниципалдык менчик жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына (Б.Н.Кыргызалиев) жүктөлсүн.
Төрага | Женбеков М.К. |