Загрузка документа…
ЖОШОЛУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 22-июлу № 7/3
Жошолу айыл өкмөтүнө караштуу Миязды айылынын тургуну Аттокуров Нуркамил Камчыбековичтин арызын кароо жөнүндө
Жошолу айылдык кеңешинин заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Муниципалдык менчик жана жер саясаты боюнча айылдык кеңешинин туруктуу комиссиясынын корутундусуна ылайык, Миязды айылынын тургуну Аттокуров Нуркамил Камчыбековичке, Миязды айылынын К.Турганбаев атындагы орто мектебинин жанынан, турак жай салуу үчүн мыйзам чегинде талашсыз жерден 0,08 га жер аянтын бөлүп берүүгө макулдук берилсин.
2. Аттокуров Нуркамил Камчыбековичке турак жай салуу үчүн, жер тилкесин бөлдүрүп берүү жана токтом чыгарып берүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысына сунушталсын..
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына жана айылдык кеңештин туруктуу камиссиясына милдеттендирилсин.
Жошолу айылдык кеңешинин төрагасы |
К. Алдашев |