Загрузка документа…
ЖОШОЛУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 22-июлу № 7/4
Жошолу айыл өкмөтүнүн Фермердик кошуундардын мүчөлөрүнүн жалпы чогулушунун чечимин кароо жөнүндө
Жошолу айылдык кеңеши айыл өкмөтүндө түзүлгөн Фермердик Кошуундардын мүчөлөрүнүн 05.02.2013-жылдагы жалпы чогулушунун чечимин карап чыгып жана Кошуун Кеңешинин төрагасынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жошолу айыл өкмөтүнүн Фермердик кошуундардын мүчөлөрүнүн 05.02.2013-жылдагы жалпы чогулушунун негизинде Жошолу Фермердик Кошууну жоюлсун.
2. Жошолу Фермердик Кошууну жоюу иштерин мыйзам чегинде жургүзүү Кошуун Кеңешинин төрагасы А.Чөмчөбаевге жана бухгалтери Н.Кыдыровго милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына жүктөлсүн.
Жошолу айылдык кеңешинин төрагасы |
К. Алдашев |