Редакцияот 22.07.2013
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖОШОЛУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

 

Жошолу айылдык кеңешинин V чакырылышынын VII заседаниясы

 

2013-жылдын 22-июлу № 7/5

«Жошолу айыл өкмөтүнүн аймагында жер жана мүлк салыктарын киргизүү» жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин 3-беренесинин 31- бөлүгүнө жана « КРнын Салык Кодексин» колдонууга киргизүү жөнүндөгү 17-октябрь 2008-жылдагы № 231- КРнын Законунун 3-беренесинин 3-бөлүгүнүн талаптарына ылайык Жошолу айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жошолу айыл өкмөтүнүн аймагында 1-январь 2014-жылдан баштап жер салыгы жана мүлк салыгы колдонууга киргизилсин.

2. Бул токтомдо көрсөтүлгөн салыктарды жыйноо Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин негизинде жүргүзүлсүн.

3. Жошолу айыл өкмөтүнүн аймагында жер салыктарын эсептөө үчүн КЗ-зоналдык коэффициенти 1,0 болуп бекитилсин.

4. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинен каттодон өткөрүлсүн.

5. Бул токтом жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

6. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Жошолу айылдык кеңешинин пландоо жана бюджет боюнча комиссиясынын төрагасы К.Умаровго жана Жошолу айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Өмүрзаковго милдеттендирилсин.

 

Жошолу айылдык

кеңешинин төрагасы

 

К. Алдашев