Загрузка документа…
ЖОШОЛУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 22-июлу № 7/7
Жошолу айылдык кеңешинин мыйзамдуулук, укуктук, дин, этика, коопсуздук, улуттар аралык мамиле боюнча туруктуу комиссиясынын баяндамасын угуп, талкуулап айылдык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндөгү мыйзамына ылайык Жошолу айыл өкмөтүндө Дин (дин иштери) боюнча коомдук комитет түзүлүп, диний кырдаалды жер-жерлерде мыйзам чегинде жөнгө салуу боюнча Жобо иштелсин.
2. Жошолу айыл окмөтүндө диний кырдаалды жер-жерлерде мыйзам чегинде жөнго салуу боюнча түзүлгөн жобого ылайык Дин (дин иштери) боюнча коомдук комитет КРнын дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндөгү мыйзамга ылайык туруктуу жана жеткиликтүү үзгүлтүксүз иш алынып барышсын.
3. Жошолу айыл өкмөтүндө Дин (дин иштери) боюнча түзүлгөн коомдук комитет жана диний кырдаалды жер-жерлерде мыйзам чегинде жөнгө салуу боюнча иштелип чыккан жобо бекитилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Жошолу айылдык кенешинин мыйзамдуулук жана укуктук боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.
Жошолу айылдык кеңешинин төрагасы |
К. Алдашев |