ЖОШОЛУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жошолу айылдык кеңешинин V чакырылышынын VIII заседанияси
2013-жылдын 25-ноябры № 8/5
Жошолу айыл өкмөтү боюнча коррупцияга каршы аракеттенүү жана алдын алуу жөнүндө
Жошолу айылдык кеңешинин заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жошолу айыл өкмөтү боюнча коррупцияга каршы аракеттенүү жана алдын алуу боюнча комиссия курамы бекитилсин ( тиркеме тиркелет).
2. 2014-жылга карата Жошолу айыл өкмөтүндө коррупцияга каршы аракеттенүү жана алдын алуу боюнча иш план түзүлсүн ( тиркеме тиркелет).
3. Коррупцияга каршы күрөшүү боюнча мыйзамдардын талаптары Жошолу айыл өкмөтүнүн аймагындагы мекеме-ишканалардын жетекчилерине жана муниципалдык кызматкерлер арасында түшундүрүү иштери жургүзүлсүн.
4. Коррупцияга каршы күрөшүү боюнча айыл өкмөтүндө ишеним телефондорун коюшуп, жашыруун цензура салынуучу ящик уюштурулсун.
5. “Коррупция” деген эмне экендиги жөнүндөгү түшүндурмөлөрдү калкка жеткирип туруу үчүн айыл өкмөтүнүн аймактарына маалымат такталары уюштурулсун.
6. Айыл өкмөтүндө түзүлгөн иш пландын негизинде аткарылган иш чаралар мезгил-мезгили менен тийиштүү органдарга берилип турулсун.
7. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссияга милдеттендирилсин.
Жошолу айылдык кеңешинин төрагасы |
К. Алдашев |
| Жошолу айылдык кеңешинин V чакырылышынын VIII заседаниесинин № 8/5 токтомуна № 1 тиркеме |
Жошолу айыл өкмөтү боюнча коррупцияга каршы аракеттенүү жана алдын алуу боюнча комиссиясынын курамы:
1. Ж.Өмүрзаков –айыл өкмөтүнүн башчысы, комиссиянын төрагасы,
2. Т.Абдырахманов – а\ө ӨКТЖКЧ боюнча башкы адиси, комиссиянын катчысы,
МҮЧӨЛӨРҮ:
3. Ж.Доранов – айылдык кенештин депутаты(макулдашуу менен)
4. К.Абдыкапаров –айыл өкмөттүн участкалык инспектору,
5. А.Султаналиев –аксакалдар сотунун төрагасы,
6. Бардык айыл башчылар.