Редакцияот 09.12.2013
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖОШОЛУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Жошолу айылдык кеңешинин V чакырылышынын IX заседаниясы

2013-жылдын 9-декабры № 9/1

Жошолу айыл өкмөтүнө караштуу калктуу аймактарда сарык оорусунун мектеп жашындагы өспүрүмдөр арасында өөрчүп кеткендигине байланыштуу

Жошолу айылдык кеңешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап

Жошолу айылдык кеңешинин заседаниеси

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жошолу айыл өкмөтүнө караштуу калктуу аймактарда мектеп жашындагы өспүрүмдөр арасында илдеттүү деп эсептелген сарык оорусунун өөрчүп кетиши боюнча айылдык кеңештин туруктуу комиссиясынын оорунун алдын алуу зарыл экендиги жөнүндөгү билдирүүсү негиздүү деп белгиленсин.

2. Өөрчүп бараткан жугуштуу деп аталган сарык оорусунун алдын алуу максатында айыл аймагында, бала бакчаларда, мектептерде эмкана кызматкерлери менен биргеликте профилактикалык иш чаралар өз учурунда жеткиликтүү жүргүзүлсүн.

3. Сарык оорусу тууралуу жалпы маалымат иш чаранын негиздери өз учурунда райондук үй-бүлөлүк дарыгерлер тобуна жана башка мекемелерге билдирилсин жана алар менен тыгыз иш алып барылсын.

4. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы эмкана башчыларына, бала бакча, мектеп жетекчилерине милдеттендирилсин, ал эми көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жана жооптуу катчы А.Абдиевага жүктөлсүн.

 

Жошолу айылдык

кеңешинин төрагасы

 

К. Алдашев