Загрузка документа…
ЖОШОЛУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жошолу айылдык кеңешинин V чакырылышынын IX заседаниясы
2013-жылдын 9-декабры № 9/2
Жошолу айыл өкмөтүнүн аймагында жайгашкан мектептерде окуучулар, өспүрүмдөр, жаштар арасында укук бузууларга, рекетчиликке жол бербөө жөнүндөгү маалыматты угуп жана талкуулап
Жошолу айылдык кеңешинин заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Акыркы мезгилдердеги өлкө ичиндеги аймактардагы орто мектептерде, окуу жайларда окуучулар, өспүрүмдөр, жаштар арасында ар кандай рекетчилик, укук бузуулар, кылмыш аракеттер күчөп жаткандыгына байланыштуу кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча Кыргыз Республикасынын Коргоо, Билим берүү, Ички иштер, Жаштар жана өнүгүү, Социалдык коргоо, Саламаттыкты сактоо Министрликтеринин буйруктарынын негизинде мектептерде, айыл өкмөтүндө жана тийиштүү мекемелерде жеткиликтүү иш чаралар түзүлсүн.
2. Түзүлгөн иш чаралардын негизинде Билим берүү министрлигинин мыйзамдарына ылайык мектептерде окуучулар, өспүрүмдөр арасында рекетчиликке, укук бузууларга жол бербөө максатында мезгил-мезгили менен ата-энелер ички иштер министрликтери менен биргеликте жеткиликтүү үзгүлтүксүз жыйындар өткөрүлүп, мыйзам чегинде түшундурүү иштери жүргүзүлуп, тийиштүү чаралар көрүлсүн.
3. Ар бир окуучунун, өспүрүмдүн ден соолугун сактоо, укугун коргоо, алардын зомбулукка кабылып, терс көрүнүштөрдүн кесепетинен өмүрүнө ар кандай коркунучтардан сактап калуу өз учурунда чара көрүү аракеттери мектеп директорлоруна, класс жетекчиге, уюштуруучуга, соц.педагогдорго милдеттендирилсин.
4. Окуучулар өспүрүмдөр арасындагы ар кандай укук бузуулар жаралса ата-эненин дагы тийиштүү деңгээлде жоопкерчилиги бар экендиги белгиленсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы мектеп директорлоруна, мекеме жетекчилерине, айыл башчыларга, ал эми көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөттүн башчысына жүктөлсүн.
Жошолу айылдык кеңешинин төрагасы |
К. Алдашев |