Редакцияот 09.12.2013
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖОШОЛУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Жошолу айылдык кеңешинин V чакырылышынын IX заседаниясы

2013-жылдын 9-декабры № 9/3

Жошолу айыл өкмөтүнүн аймагында коомдук саясий абалды туруктуу сактоо жөнүндө

Айыл өкмөтүнүн аймагында коомдук саясий абалды туруктуу сактоо жана ар кандай мыйзам бузууларга жол бербөө жөнүндө маалыматты угуп жана талкуулап

Жошолу айылдык кеңешинин заседаниеси

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Айыл өкмөтүнүн аймагында мындан ары коомдук саясий абалдын туруктуу сакталышын камсыз кылуу боюнча калк арасында түшүндүрүү иштерин жеткиликтүү үзгүлтүксүз жүргүзүү жагы айыл башчыларга, айылдык кеңештин депутаттарына, мекеме ишканалардын жетекчилерине милдеттендирилсин.

2. Мыйзам бузуулардын алдын алуу боюнча айыл өкмөтүнүн аймагындагы айылдарда калк арасында мыйзамдуулуктун сакталышы боюнча элдик жыйындар өткөрүлүп, түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жана көзөмөлдү күчөтүү айыл өкмөттүн башчысына жана айыл башчыларга жүктөлсүн.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кенештин укуктук жана мыйзамдуулукту сактоо боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөттүн башчысына тапшырылсын.

 

Жошолу айылдык

кеңешинин төрагасы

 

К. Алдашев